• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гуля Алмамбетова парламент депутаттыгына ат салышат

28 Бештин айы 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова Свердлов районундагы бир мандаттуу округдан парламентке ат салышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Боршайком Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону 27-февралга дайындады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын биринчи жыйыны 23-декабрда өтүшү керек болчу. Бирок БШК менен айрым талапкерлердин ортосундагы соттук териштирүүлөрдөн улам жаңы депутаттарды каттоо убактылуу токтотулган.

Количество просмотров: 400