• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев Алмамбетовага кызматтан кетүүнү сунуштаган

28 Тогуздун айы 2020 15:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев аны мэриядан кетүүнү сунуштаганын митингден айтты.

Анын айтымында, ал Балбак Түлөбаевге кирип, кызматта бошотулган вице-мэрлерин кайта иш орундарына кайтарууну суранган, бирок мэрдин милдетин аткаруучу анын өтүнүчүн аткаруудан баш тарткан.

«Ошондой эле ал менин кеңешим мындан ары кереги жоктугун айтты. Бирок мен коомдук кеңешчимин, ошондуктан өз каалоом менен гана кете алам. Балбак Түлөбаев өзүн кудай да, хан да сезип алган», — дейт Гуля Алмамбетова.

Эске салсак, кечээ мэрдин милдетин аткаруучу Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди вице-мэрлик кызматынан бошоткон.

Количество просмотров: 1115