Бишкек мэриясы шаардагы балдар үчүн батут, ижарага велосипед берүү жана жайма базарларга убактылуу тыюу салды. Баш калаанын бийлиги муну санитардык коопсуздук чаралары деп түшүндүрдү. Бул тууралуу мэриянын сайтында жарыяланды. Мэрия эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет.
Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандар көбөйүүдө.
14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен.
Президент Сооронбай Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан.