• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мэрия: Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

11 Бештин айы 2023 10:08 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧК тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө.

«Шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан адаттагыдай бойдон калууда.

Количество просмотров: 68