Бишкектеги батыш автобекети инвесторлорго бериле элек, учурда бул маселе талкууда. Бул туралуу Govori.TVга Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыш автобекет инвесторлорго берүү маселеси талкууланып жатат, акыркы чечим чыга элек.
«Учурда батыш автобекетиндеги «Акжол» кичи автобекети өз ээлери тарабынан буздурулууда. Аларга мэриянын атайы техникалары менен кызматкерлери жардам берүүдө. Ал эми батыш автокетинин имараты буздурулбайт, өз калыбында калмакчы», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда батыш автобекети буздурулуп баштаганы тууралуу маалыматтар тараган.
Буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ишин токтоткон батыш автобекети эмне болот деген суроого жооп берип жатып, бир нече инвестициялык долбоорлор каралып жатканын билдирген болчу.