Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпы шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом каралган. «Ала-Тоо» аянтына майрамдык баннерлер илинип, жасалгалоо иштери аяктаган.
31-август күнү аянтта медициналык «Тез жардам» кызматынын унаасы жана бир өрт өчүрүү унаасы дагы болот. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ИИББинин жеке курамы тартылган.
Белгилей кетсек, 31-августта «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам иш-чара онлайн түрүндө 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт.