• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мэрия: Майрамдар токтотулуп, 4 млн 200 миң сом үнөмдөлдү

10 Жалган куран 2020 16:09 Бишкек Govori.TV

8-март− Аялдардын эл аралык күнү жана 21-март −Нооруз майрамына карата иш-чаралар токтотулганына байланыштуу 4 миллион 200 миң сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

8-март− Аялдардын эл аралык күнү майрамына 2 млн 200 миң сом, ал эми Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө 2 млн сом каралган. Бирок коронавирус эпидемиясынын тарап кетүү коркунучунан улам Кыргызстанда бардык маданий-массалык иштер жана спорттук иш чаралар токтотулган. Мындан улам Бишкек мэрия 4 миллион 200 миң сом үнөмдөп калды.

«Бул каражаттар мэриянын эсебинде турат. Эми ал акчалар баш калаада өтүүчү алдыдагы майрамдык иш-чараларга жумшалат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 513