• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мэрия мектептердеги бирдиктүү форма тууралуу түшүндүрмө берди

15 Баш оона 2022 18:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы мектептердеги бирдиктүү форма тууралуу түшүндүрмө берди.

«Өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы №572 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык, КР билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болот. Окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, анын түсү кийимдин классикалык стилине туура келиши керек», — деп айтылат мэриянын түшүндүрмөсүндө.

Белгилей кетсек, шаардын аймагында жогорудагы токтомго каршы келген башка мектеп формасы киргизилген эмес. Ушуга байланыштуу Бишкек мэриясы ата-энелерди ушул токтомдун нормаларын жетекчиликке алууну суранат.

Жалпы билим берүү уюмдары тарабынан мектеп формасын сатып алууга мажбурлоонун конкреттүү фактылары аныкталган учурда директорлорго тартиптик жаза чаралары, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 316