• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мэрия соода кылууга орундар ижарага берилчү сейил бактарды тизмектеди

15 Кулжа 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле турган сейил бактардын тизмесин жарыялады.

  • Ашыралы Боталиев атындагы сейил бак – Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнүн кесилишинде;
  • Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак – Түлөбердиев жана Көкчетай көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Жаштар сейил багы — Ала-Арча, Ганди, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жибек Жолу проспектиси кесилишкен аймакта;
  • Юлиус Фучик атындагы сейил багы —Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Кайың багы – 6-кичирайону;
  • Жаңгак багы– 6-кичирайону;
  • Каражыгач токою.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен жогорудагы сейил бактарда төмөнкүлөргө уруксат алууга болот:

балмуздак, суусундук, жүгөрү, таттуу вата, попкорн, балдар оюнчуктарын сатууга;
велосипед, самокат, балдар паравозу, балдар үчүн машиналарды ижарага берүүгө;
кубат өлчөгүч, балдар батуту, балдар аянтчасы, балдар кыдыруучу аттракциондорду орнотууга.
Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 кабинет.

Бардык суроолор жана толук маалымат үчүн 0312 45 41 07 телефонуна кайрылууга болот

Количество просмотров: 70