• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мэрия: «Тазалыктын» абоненттери бирдиктүү квитанция алышат

17 Кулжа 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы «Тезтап» ЖЧКсы («Мой Дом») менен пилоттук долбоорду ишке киргизип, колдонуучуларга таштанды чыгаруу боюнча бирдиктүү квитанция келе баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул пилоттук долбоор жумушту оптималдаштыруу жана абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан.

«Квитанция “Тезтап” компаниясынын тарабынан таратылат. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары 2022-жылдын июнь айынан баштап катуу тириличик калдыктарын чыгаруу үчүн камтылган бирдиктүү квитанция алышат»,-деп жазылат маалыматта.

Эгер сиз таштандыны чыгаруу үчүн төлөмдү албай калсаңыз, анда төмөнкү телефондорго кайрылсаңыз болот:

0312 34 50 13 – Биринчи май району;

0312 34 50 41 – Ленин району;

0312 34 47 53 – Свердлов району.

Белгилей кетсек, «Тезтап» – бул турак жай ээлеринин шериктештигине кызмат көрсөтүүчү жана бирдиктүү квитанцияны басып чыгаруучу санарип кызматы.

Количество просмотров: 46