• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мэрия: Жалал-Абаддын мэри шаар тургунун сабаган эмес

4 Теке 2019 18:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгонун» милиция иликтей баштаганы тууралуу маалымат тарган.

Белгилүү болгондой, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө. Баштапкы кабарларга ылайык, мэр шаар тургунун мончодо сабап койгон.

Ал эми Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы бул тууралуу ишке мэр Мураталы Тагаевдин катыштыгы жок экенин айтышып, ошол окуя болгон жер мэрдин туугандарына тийиш болгондуктан анын да атын камтып, каралоо болуп жатканын белгилешти.

Басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, окуя болгон учурда мэр жумуш ордунда болгон.

Ал эми мэр Мураталы Тагаев айрым маалымат каражаттарына пикирин айтып: «Менин туугандарыма таандык мончого келген балдар өз ара жаңжалдашкан. Фамилиям Тагаев болгондуктан мончону мага байланыштырып жатышат окшойт. Окуя түнкү 1.30дар чамасында болгон деп жатат, мен ал убакта жумуштан келип үйүмдө уктап жаткам»,-деп айткан.

Эске салсак, Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарына 2018-жылдын 11-июнунда мэр болгон.

Количество просмотров: 17