• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Меркель Зеленский менен жолугушуу учурунда калтырап, кулап кала жаздады

18 Кулжа 201921:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Берлинде Германия канцлери Ангела Меркель Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда аз жерден кулап кала жаздады. Бул туурасында РЕН ТВ жазды.

Маалыматка ылайык, Ангела Меркель Зеленскийди тосуп алып, делегация мүчөлөрү менен тааныштыргандан соң экөө 30 градус ысыкта күн алдында турган.

Интернетке тараган видеодо, Меркелдин колдорун майда калтырак басып, андан соң буттары да калтырап баштаган, бир учурда чайпалып жыгылып кете жаздагандыгын көрүүгө болот. Катуу калтырак бир аздан кийин бүткөн боюна тараган.

Ал эми Зеленский турган ордунда тура берген.

https://youtu.be/02ar6kwfc_Y

Эске салсак, Зеленский 17-июнда Францияга, ал эми 18-июнда Германияга иш сапар менен барган.

Количество просмотров: 25