• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Меркелди кайрадан калтырак басты. Бул жолу ал бир нерсе деп күбүрөдү… (видео)

12 Теке 201915:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.07.2019.Govori.TV.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолугушуу учурунда денесин үчүнчү жолу калтырак басты. Бул жолу ал бир нерсе деп күбүрөнгөнүн көрүүгө болот.

Ал эми адамдын сүйлөгөнүн эринден окуган адис Жудит Хартер Германиянын канцлери Ангела Меркель калтырак баскан учурда «Менин колумдан келет»,-деп сүйлөгөнүн айтты. Кийин Меркель журналисттерге өзүн жакшы сезип жатканын жана тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

Количество просмотров: 28