• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Мессинин командасы Сауд Аравиянын курамасынан утулуп калды

22 Жетинин айы 202219:04 Бишкек Govori.TV

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Аравиянын курама командалары беттеш өткөрдү.

Эки команда тең С тайпасында жайгашкан жана тайпадагы беттеш өткөргөн алгачкы курамалар.

Беттеш башталган алгачкы 10-мүнөттө Аравиянын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленип, аны Лионель Месси ишке ашырып, эсепти 1:0гө өзгөрттү. Биринчи таймда Аргентинанын футболчулары бир катар гол киргизгени менен ал офсайд катары белгиленип, эсепке алынган жок.

Экинчи таймдын башында Сауд Аравиянын оюнчулары 48-мүнөттө жана 53-мүнөттө гол киргизип, эсепти 2:1ге айлантканга жетишти.

Белгилей кетсек, С тайпада Мексика жана Польшанын командалары дагы жайгашкан. Алардын оюну бүгүн, 22-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө башталат.

Количество просмотров: 61