• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026
FILE PHOTO: The logo of Meta Platforms’ business group is seen in Brussels, Belgium December 6, 2022. REUTERS/Yves Herman/File Photo

Meta: RT менен «Россия сегодня» бөгөттөлдү

17 Аяк оона 202418:01 Бишкек Govori.TV

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрү менен WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Meta компаниясы «Россия сегодня» медиа тобуна бөгөт койгонун жарыялады.

«Россия сегодня», Russia Today (RT) жана аларга байланыштуу уюмдар чет элдик кийлигишүүсү үчүн эми жалпы дүйнөдө биздин платформаларда бөгөттөлдү», – деп айтылды Meta компаниясынын Reuters жарыялаган билдирүүсүндө.

Өткөн аптада, 13-сентябрда, АКШ бийлиги «Россия сегодня» жана RT медиаларын орусиялык атайын кызматтарга иштейт деп айыптаган, аларга каршы санкция жарыялап, эл аралык дипломатия деңгээлинде да иш жүргүзүлөрүн убада кылган.

«Россия сегодня», RT телеканалы – Кремлдин үгүттөөчүлөрү гана эмес, алар орус чалгындоосунун жашыруун операцияларынын катышуучулары», – деген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Аталган медиалардын жетекчилиги мындай айыптоолордун баарын четке кагууда.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 70