• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Мигранттар үчүн жаңы эрежелер: Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисине ноталарды тапшырды

20 Бирдин айы 202512:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев менен Орусиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов орусиялык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр алкагында республиканын жарандарынын Орусия Федерациясындагы укуктук статусун талкуулашты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кыргыз тарап чет элдик жарандардын Орусия Федерациясына кирүүсүнө жаңы эрежелерди жана шарттарды киргизүү, атап айтканда, өлкөгө кирүү жана болуу максатында алдын ала каттоо жана арыз берүү механизмине, ошондой эле алардын Орусия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартууга байланыштуу маселелерге басым жасады.

Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын иштеген жарандарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эркин жүрүүсүнө, Орусияда иштөөсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленген. Мигранттардын балдарына, анын ичинде кыргызстандыктардын балдарына да мектептерге кабыл алынганда орус тилин билүү боюнча тестирлөөдөн өтүү боюнча жаңы талаптарды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, КР Тышкы иштер министрлиги орусиялык тараптын көңүлүн КР жарандарынын Орусияга кирүүдө болуп жаткан кыйынчылыктарына жана аларды миграциялык каттоого тургузуу таталдаштырылганга бурду.

Бул маселелер боюнча Орусия Федерациясынын Элчисине Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы орус тилинин статусун эске алуу менен ноталар берилди.

Количество просмотров: 205