• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү иштей баштайт

9 Аяк оона 202213:00 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кайрадан иштей баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясы жана «Элдик» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында эмгек, социалдык өнүртүрүү жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, тиешелүү буйрукка кол коюлуп, аталган орган кийинки аптадан тарта иштей баштайт.

«Москвадагы өкүлчүлүк 11 кызматкерден турат. Аны кайрадан түзүү боюнча чечимге эки-үч күн мурда кол коюлду. Министр Кудайберген Базарбаев анын жетекчисин дайындап, 11-сентябрдагы Москвага сапарында бирге ала кетет», — деди Базарбаев.

Буга чейин Орусиядагы мигранттар Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жабылып калганына нааразылык билдирип келишкен.

Количество просмотров: 119