• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Михаил Мишустин Мариповду КРдин премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады

4 Бирдин айы 2021 11:28 Бишкек Govori.TV

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповду Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

“Урматтуу Улукбек Асамидинович Сизди Россия Федерациясынын өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Россия жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Сиздин өкмөт башчысындагы ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык өз ара аракеттерди тереңдетүүнү шарттайт деп ишенем.

Урматтуу Улукбек Асамидинович Сизге чын ден соолук, жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди каалайм”, — деп айтылат РФ өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүдө.

Количество просмотров: 88