• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

МИК: №47 колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы чарчы метрине 550 доллардан ашпайт

5 Чын куран 2023 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №47 колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы чарчы метрине 550 АКШ долларынан ашпайт. Бул тууралуу ЖКнын бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) башкаруучулугунун төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, батирлер толугу менен ремонттолуп, даяр болот. Жалпы аянты 8,8 гектарды түзгөн жерге 11 блок курулуп, ал жерде 5 миң батир болот. Үйлөр монолиттен салынат.

Төлөгөнова кошумчалагандай, ошондой эле ал жерге балдар бакчасын, мектеп, спорт аянтчасын, от казан жана эки унаа токтотуучу жай куруу каралган.

Курулуш иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. «Курулуш компаниясын аныктоо боюнча тендер болгон жок, бирок министрлер кабинетинин токтому бар», — деди ал.

Комитет объектти куруу үчүн МИКке 1 млрд сом бөлүм берүүгө макулдугун берди.

Количество просмотров: 48