• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев кайсы абакка которула турганын айтты

14 Чын куран 2022 11:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №47 абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келерки аптада Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которулат. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Атамбаевдин жактоочусу мурунку президент келерки аптада башка колонияга которулат деп күтүлүп жатканын бирок, кайсы абакка которулары азырынча белгисиз экенин айткан.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматы азырынча маалымат жок экенин, мурдагы президентке соттун өкүмү чыкса жасаган кылмышынын оордугуна карата жаза өтөй турган абак тандаларын билдирди.

Эске салсак, сот Атамбаевди 2020-жылы “Батукаевдин иши” боюнча 11 жыл, эки айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турган Атамбаев 2020-жылдын 27-октябрында №47 абакка которулган.

Количество просмотров: 242