• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиционерлер ИИМдин имаратына журналисттерди жолотпой жатат

23 Үчтүн айы 2022 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында иликтөөчү журналист Болот Темировду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер катышууда.

Имараттын алдына чогулган элди милиция кызматкерлери түртүп, имаратка жакындатпай курчоого турушту.

Күч кызматкерлери мындай кадамын тротуарларды бошотуу талабы менен түшүндүрүшкөн.

Ал арада иликтөөчү журналист Болот Темиров эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен камактан бошотулганы маалым болду.

Эске салсак, 22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен.

Теги:
Количество просмотров: 154