• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Милиционерлер көлгө чөгүп бараткан эки өспүрүмдү куткарып калышты

21 Теке 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери Эдин Каныбек уулу кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп, аны куткарып калган. Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп кеткен кызды ата-энеси байкабай калган.

Ошондой эле “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга буту тырышып, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери Адыл Алымбек уулу жана Сыймык Бактыбек уулу көрүп, баланы куткарып калышкан.

Количество просмотров: 228