• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Милиция бөлүмүнүн 4-кабатынан секирген шектүү каза болду

30 Бугу 2023 16:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги райондук ички иштер бөлүмүнүн 4-кабатынан секирип мерт болгон шектүүнүн өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов билдирди.

Маалыматка караганда, 22-май күнү эртең менен Ташкентте 21 жаштагы Сурхандарыя облусунун тургуну кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын жанынан 53,52 грамм кара куурай табылып, ага каршы кылмыш иши козголгон.

«Шектүү кечке жакын ажатканага суранып, 4-кабаттагы дааратканын терезесинен секирип кеткен. Ал көптөгөн оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 29-майда эсине келбей каза болду», – деген Шамсутдинов.

Kun.uz сайты маркумдун жакындарына таянып, анын аты-жөнү Хафизулла Тургунбоев экинен жазды. Жакындары аталган басылмаган берген маегинде «Хафизулланын 4-кабаттан секирип кеткенине ишенбей жатканын» айтышкан.

«Анын эч жеринде сынык болгон эмес, колу-бутунда да, кабыргаларында да. Болгону бетинен жана башынан жаракаттарды алган. Кантип эле 4-кабаттан кулаган кишинин колу да сынбасын. Дарыгерлер бул боюнча сотто гана өз пикирлерин айтарын билдиришти», – деген маркумдун жакындарынын бири.

Количество просмотров: 260