• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Милиция дарыгердин өлүмү боюнча текшерүү жүргүзүүдө

4 Үчтүн айы 202614:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын реаниматолог дарыгери Айгүл Олимжановна Зибирова көз жумду.

Маалыматка ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү ал нөөмөттө болгон. Ал эми 2-январда анын каза болгону тууралуу кабар тараган.

Аталган факт боюнча текшерүү иштери башталды.

«Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

Кийинчерээк социалдык тармактарда маркумдун эжеси Мехригүл Зибирова да маалымат бөлүштү. Анын айтымында, сиңдиси асфиксиядан каза болгон, окуя болгон учурда анын жанында мурунку жигити болгон.

Количество просмотров: 250