• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстанда жоокердин өлүмүнө байланыштуу аскер кызматкерлери кармалды

23 Баш оона 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Матчин районундагы чек ара бөлүгүндө каза болгон 22 жаштагы жоокер Абубакр Хусейнзоданын өлүмүнө байланыштуу бир офицер жана бир аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Согд облусунун Аскердик прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандарга «Адамдын ден соолугуна атайылап зыян келтирүү» жана «Уставдык эрежелерди бузуу» беренелери боюнча айып тагылды. Эгер алар күнөөлүү деп табылса 17 жылга чейинки мөөнөткө соттолушу мүмкүн.

Аскердик прокуратуранын тергөөчүсү бул иш боюнча болжолдуу тергөө иштери уланып жаткандыктан, кармалгандардын аты-жөнүн жана иштин чоо-жайын айта албастыгын билдирди.

Абубакр Хусейнзода 4-августта түшүнүксүз жагдайларда каза болгон. Анын сөөгүн жакындарына өткөрүп берген аскердик бөлүктүн өкүлдөрү ал 4-августта коридордо баратып «эс-учун жоготуп жыгылып, каза болуп калганын» айтышкан. Бирок Хусейнзоданын туугандары бул версияга ишенбей, анын желкесинде «катуу соккунун изи болгонун» билдирүүдө.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин 5-августта жоокердин сөөгү өзү туулуп-өскөн Согд облусундагы айылга жерге берилген.

Маркумдун атасы Мурод Хусейнов уулу акыркы апталарда бир нече жолу аны башка аскердик бөлүккө которууга жардамдашууну өтүнгөнүн айткан. «Акыркы жумаларда бир нече жолу башка аскердик бөлүккө которууга жардам берүүмдү суранган. 4-августта аскердик бөлүктүн жетекчиси Абубакрга жолугуу үчүн барган агасына ал ооруканада экенин айткан. Көп өтпөй уулум каза болгонун билдиришти», – деген ал.

Жакындарынын айтымында, Абубакрдын артында жубайы жана бир баласы калды. Ал быйыл жазында Хоженттеги Экономика жана соода институтун аяктагандан кийин өз каалоосу менен армияга кеткен.

Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуун жоокер армиядагы «чоңсунуудан» улам каза тапканы айтылган.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы жакында жарыялаган баяндамада акыркы үч жылдын ичинде өлкөдө аскер бөлүктөрүндөгү кылмыштарды жашырган 639 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы жазылган.

Количество просмотров: 122