• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери 20-25 миң сом айлык алат

7 Тогуздун айы 202412:25 Бишкек Govori.TV


Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери 20-25 миң сомдон айлык алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Депутаттар Айсулуу Мамашованын мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун кароодо.

Эл өкүлү Элдар Абакиров мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлердин айлыгын көтөрбөй туруп мыйзам кабыл алынса, анда кесипкөйлөр жеке секторго кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал учурдагы айлыкка дагы 40-50 миң сом кошууну сунуштап жатат.

Количество просмотров: 128