• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция көл жээгиндеги бууканалар боюнча рейд өткөрдү

30 Теке 2022 10:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы көл жээгинде суу үстүнө буукана орнотуп алган үч пансионат боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын 29-июлда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери атайын рейд жүргүзүп, Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан «Ямайка» пансионаты көл жээгине буукана орнотконун аныкташкан.

Көлдүн үстүнө орнотулган ушундай эле бууканалар “Costa-Brava” жана “Радуга” пансионаттарынан да аныкталган.

“Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, учурда тергөө кызматы мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алуу үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Өкмөттүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген калктын эс алуу жана ден соолугун чыңдоо уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, жээктеги пляждык зонанын аймагында сууда буукана тургузууга тыюу салынат” деп айтылды мекеменин маалыматында.

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдөгү эс алуусу боюнча видео талкууга түшкөн.

Количество просмотров: 194