Милиция кезекте бирге турган адамды уруп жиберген ак кийимчен адамды издеп жатат.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган. Анда тез тамактануучу жайлардын биринде кезекте турганда жаран бир жигитти уруп ийгенин көрүүгө болот.
Ал эми жабыркаган жарандын жакындары жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине кол көтөргөн жаран өзүн укук коргоо органынын кызматкеримин деп тааныштырганын айтышкан.