• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Милиция кыматкерлерине арыктоо сунушталды

7 Аяк оона 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Хатлон облусунда эткел милиция кызматкерлерине тарыхый жерлерди кыдырып, көп басуу сунушу берилди.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү мындай буйрукту ИИМдин башчысы Рамазон Рахимзода Бохтарга жасаган сапары учурунда бергенин айтты.

«Озоди» радиосунун өз булагы билдиргендей, министр курсактуу бир нече милиционерди сынга алып, салмак таштоо үчүн көп басууну, апта сайын тарыхый жана маданий жайларды кыдырууну тапшырган.

«Мындай жол менен алар тарых менен да таанышат, ден соолугун да жакшыртат», — деди өз булак.

Хатлон облустук ички иштер башкармалыгы милиционерлердин салмагы жөнүндө темага комментарий берген жок. Бирок министрдин буйругу менен «дүйнө таанымын, жеке курамдын саламаттыгын жакшыртуу жана тарых менен таанышуу үчүн милиция кызматкерлерине бош учурда көбүрөөк саякаттоо сунушталганын» билдирди.

2016-жылы Тажикстандын ички иштер министри өз кызматкерлеринен ашыкча салмактан арылууну жана тышкы келбетке көңүл бурууну талап кылган.

Тажикстанда белгиленген нормага ылайык, бою 168-170 см болгон милиция кызматкеринин салмагы 75 килограммдан ашпоосу керек. Жапалдаш бойлуу жана курсактуу кызматкерлерге бош убактысында стадиондорго, спорт аянтчаларына баруу сунушталган.

2017-жылдын май айында ашыкча салмагы бар 20 милиция кызматкери жумуштан алынып, алардын 13ү кайра эки айдан кийин кызматка дайындалган. 100дөн ашыгы эскертүү алган.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 1121