Таласта пара талап кылгандыгы үчүн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Т.Р.З. узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуу аркылуу системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып келген.
21-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.