• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды

4 июля 2022 в 18:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-июль күнү саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эс алуу жайында 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурунда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.

«Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери милициянын старшинасы Адылбек Апышев жардамга чакырган аял кишини куткарып калган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 888