• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция менен имам нике курагы боюнча мыйзамды бузганы үчүн жоопко тартылды

28 Аяк оона 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган Э.К. Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х. менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган.

Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.

Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.

Количество просмотров: 130