Челябинск шаарынын Металлургиялык райондук соту милиция кызматкерин кемсинтип, ага күч колдонгону үчүн кыргызстандык жаранды эки жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Челябинск облусунун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргенин маалымат булактары жазып чыгышты.
Сотто аныкталгандай, 2024-жылдын июнь айында Металлург паркынын аймагында балдар аянтчасында соттолгондун уулу жана башка балдардын катышуусунда чыр чыгып, анын натыйжасында милиция кызматкерлери келишкен.
Эркек киши патрулдук милиция кызматкерин эл алдында сөгүп, аны колго да урган. Ошондон кийин ага милицияга кол көтөрдү деп кылмыш иши козголгон.
Сот кыргызстандык жаранды эки жылга эркинен ажыратып, жабырлануучунун пайдасына 100 миң рубль өндүрүп берүүнү чечти.