• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды

18 Бештин айы 2017 12:56 Бишкек Govori.TV

«102» кызматынын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, окуя 18-декабрь күнү таңкы саат 05:15те Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«102» унаасы Абдрахманов көчөсү менен түндүк багытта бара жатан. Көчөнүн Бөкөнбаев менен кесилген жериндеги жол чыракка токтогондо катуу ылдамдыкта келе жаткан Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Анын кесепетинде мобилдик батальондун экипажынын бардыгы жабыркап, үчөө тең ооруканага жеткирлиген», — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, Daewoo унаасынын айдоочусу аэропортко шашып бара жатканын билдирген. Эки айдоочу тең соо болгон. Ушу тапта бардык экспертизалар дайындалды.

 

Количество просмотров: 4