• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Милициянын көчмө кабылдамасы мал базарда 11 арызды кабыл алды

12 Баш оона 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Милициянын көчмө кабылдамасы Раззаков шаарындагы мал базарда 11 арызды кабыл алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, калктын коопсуздугун сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Лейлек РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы 2022-жылдын 11-август күнү шаардагы мал базарга барып элдер менен жолукту.

Милициянын көчмө кабылдамасына мал базарга келген жарандардын 11 социалдык маанидеги арыздар менен кайрылды. Карйылган жарандарга сервистик тейлөөлөр көрсөтүлүп, юридикалык кеңештер милиция кызматкерлери тарабынан берилди. Бүгүнкү күндө катталган 11 арыз, тиешелүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 154