• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан мас айдоочуга протокол толтурулду

14 Бештин айы 2021 16:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан мас айдоочуга 7 протокол толтурулду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда Дэн Сяопин жана Патриса Лумумбы көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

“Айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып кеткен. Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында Nissan Mistral автоунаасы Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган”, — деп айтылат маалыматта.

48 жаштагы Р.К. аттуу айдоочунун спирт ичимдигин ичкендиги текшерүү учурунда аныкталган. Аталган факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн жалпы жети протокол толтурулуп, автоунаасы убактылуу айып аянтчасына киргизилди.

Количество просмотров: 132