• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Милициянын лейтенанты Ысык-Көлдү сүзүп өттү

22 Баш оона 2022 17:01 Бишкек Govori.TV

Милициянын лейтенанты Улан  Өмүралиев Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына сүзүп өтүүгө жалпысынан 15 спортчу катышкан. Иш-чара “Номад” спорттук клубу” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан, Россия, Казакстандын спортчулары катышты. Тилекке каршы 8-9 км сүзгөндө аба ырайынын кескин өзгөргөндүктөн спортчулар бир аз убакыт тыныгуу алып, кайра сүзүүнү улантып, көздөгөн жерлерине сүзүп чыгышкан.

Бул иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунун 1-батальонунун инспектору, милициянын лейтенанты Өмүралиев Улан Сыртбаевич дагы катышкан. Ага “Номад” спорттук клубу” коомдук бирикмеси тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Кызматкердин спорттогу жетишкендигм үчүн ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунун өздүк курамы эртең менен дайыма өтө турган нускамада куттукташып, алдыда дагы уюштурулуп жаткан иш-чарада ийгиликтерди багындыруусун каалашты.

Милициянын лейтенанты Улан Өмүралиев 2019-жылы апрель айынан баштап ИИМдин Күзөт кызматынын Милициянын ведомстволук полкунда кызматын өтөй баштаган. Анын мекенге ак кызматын өтөп, кыргыз милициясынын өнүгүшүнө өз салымымды кошсом деген тилеги бар. Ал бош убактысында күрөш жана сууга сүзүү менен машыгып келет.

Количество просмотров: 640