• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Миллионер Азим Ройго ыйгарылган медал боюнча ИИМ маалымат берүүдөн баш тартты

13 Аяк оона 202211:06 Бишкек Govori.TV

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун мурда криминалдык чөйрөдө жүргөн Азим Рой делген бизнесмен менен чогуу түшкөн сүрөтү коомчулукка жарыяланып, бир катар талкууларды жараткан. Рой Азим кыргызстандыктарга Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал. Ал 1980-жылдары бир нече кылмышка шектелип, соттолуп, кийин соттуулугу жоюлган. Чуулгандуу сүрөт боюнча президенттин администрациясы комментарий берген эмес.

Ал арада соцтармак Азим Ройго тапшырылды делген ИИМдин медалын талкууга алышууда. Тарап жаткан сүрөткө ылайык Азим Ройдун ысымына «Кыргыз милициянын 95 жылдыгына» арналган медалына күбөлүк жазылган.

Бирок, ИИМ бул тууралуу маалыматты тастыктаган да төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Кошумчалай кетсек, OCCRP журналисттери өз иликтөөлөрүндө Азим Ройдун «Россия жана Борбордук Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер» экенин жана Кыргызстандагы эң белгилүү кримавторитеттердин бири Камчы Көлбаев менен тааныш экенин аныкташкан.

Иликтөөчү журналисттер Азим Рой Көлбаевдин жакындарынын бири менен бизнес кылып жүрөт деп эсептешет.

Количество просмотров: 353