Бүгүн, 11-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте маалымат жыйын куруп, 12 жылдык окуу сиситемасы тууралуу маалымат берди.
Министрдин айтымында, жаңы 12 жылдык окууга өтүүнүн негизги себептеринин бири учурдагы билим сапатынын төмөн түшүп кетиши болду.
«Акыркы эки эл аралык PISA иликтөөсүндө 2005-жылы жана 2009-жылы катышканда 15 жаштагы балдарыбыз дүйнөлүк же экономикалык кызматташ өлкөлөрдүн эмгек рыногуна жарайбы десек, жок таптакыр жарабайт, түшүнүү көндүмдөрү жок деп акыркы орунду алганбыз. Башкача айтканда 15 жаштагы балдарыбыздын окуп жана түшүнүү көндүмдөрү жок жана замандын талаптарына, эмгек рыногуна такыр ылайыкташа албайт дегенди түшүндүрөт», — деди министр.