«Урматтуу жарандар!
Курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сиздерге өзүңүздүн жана балдарыңыздын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Оорунун биринчи белгилери, мисалы, дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы же алсыздык пайда болгондо, өз алдынча дарыланбаңыз, квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыз. Республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулду.
Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө.
Мен сиздерди алдын алуу чараларын көрүүгө чакырам:
• жайларды үзгүлтүксүз желдетип туруу;
• колду самын менен жуу;
• эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүүнү унутпаңыз;
• туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз! Дарыгерге өз убагында кайрылуу — тез айыгуунун жана оорунун алдын алуунун ачкычы», — деди министр.