• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр Нарында жер титирөөдөн жабыркаган айылдарга барды

15 Бугу 202512:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өзөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жер титирөөдөн жабыркаган Ак-Талаа районундагы айылдардын жашоочуларынан жана турак-жайлардан кабар алууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр Жаңы-Талап, Кара-Ой, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөдөн жабыр тарткан турак жайларды, социалдык имараттарды көрүп, жарандар менен жолугушту.

Ажикеев тургундарга коопсуздук эрежелери жана курулуштардын абалы тууралуу кеңештерин берди.

Белгилей кетсек, 12-майда Ак-Талаа районунда күчү 4 жана 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алдын ала маалымат боюнча, комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароодон өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 298