• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министр Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы издөө иштеринен кабар алды

18 Үчтүн айы 2024 9:28 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 18-январь күнү улана турган издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.

Мындан сырткары куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты. Саат 18:30да караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтогон. Издөө иштери бүгүн уланат.

14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган жаран дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө жалпы 262 адам, 15 техника жана 10 дрон тартылган.

Количество просмотров: 69