• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Министр Базарбаев COVID-19 жуктуруп алды

3 Тогуздун айы 202216:39 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

«Ал киши (Кудайберген Базарбаев – ред.) коронавирус болуп ооруп жатат. Азыр министрдин милдетин аткаруучу келди (Нурдөөлөт Базарбаев — ред.)», — деп билдиришти комитеттен.

Кошумчалай кетсек, министр Базарбаев комитеттин отурумунда Кыргызстан менен эл аралык уюмдардын бири менен түзүлө турган макулдашуунун долбоорун тааныштырмак. Бирок COVID-19 жуктуруп алгандыктан жыйынга келген эмес.

Количество просмотров: 495