• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Министр Бейшеналиев COVID-19 илдетинен айыгып, ишке чыкты

29 Кулжа 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Таажы илдетин жуктурган саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сакайып, ишке чыкты. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, министрдин абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык, ПЧР анализ анализинин жыйынтыгы терс чыккан.

«Министр ишке чыгып, жаңы ковиддик стационарларды ачуу иштери менен алектенүүдө. Эртең менен Суворов училищасынын жетекчилиги менен коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн орун даярдоо боюнча жолукту»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, эмдөөдөн өткөн министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Количество просмотров: 216