• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министр Бейшеналиев депутатты сотко берди

27 Жалган куран 2024 15:47 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы сотко арызданды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арыз менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Доомат депутаттын 2024-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу.

Бишкектин Ленин райондук соту бул тууралуу арыз түшкөнүн ырастады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган.

Количество просмотров: 53