• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Министр Бейшеналиев көзү көгөргөн абалда интервью берди (видео)

20 Бештин айы 202121:30 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзү көгөргөн абалда журналисттерге интервью берген видеосу жарыяланды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-декабрда вирустун жаңы түрүн талкуулаган жыйында министр бети сыйрылып, көзү көгөргөн абалда жүргөн. Көп өтпөй «Ала-Тоо 24» Ютуб каналынан министрдин катышуусундагы репортаж өчүрүлүп, кайра жүктөлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча комментарий берип,17-декабрда «Алтын балалык» реабилитациялоо борборунун аймагына көчөттөрдү отургузуу учурунда министр Бейшеналиевге арча кулап кеткенин билдирген.

Количество просмотров: 15645