• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министр Бейшеналиев ооруканага Акрамовдун ысымын ыйгарууга каршы экенин айтты

25 Бугу 2022 16:10 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасынын аталышы мурункудай Эрнст Акрамов атында калышына каршы чыкты. Бул тууралуу ал өзү 24.kg сайтына билдирди.

Бейшеналиев мындай чечимдин кабыл алынганын билбестигин, бирок каршы экенин аткан.

«Эгер азыр бере баштай турган болсок, анда бардык ооруканаларга ат коюшубуз керек. Акрамовго окшогондор ар бир райондо, областтык ооруканада бар. Анда, мисалы, Улуттук госпиталга Мамытовдун ысымы ыйгарылышы керек», — деди ал.

Эске салсак, Чүй облустук бириккен ооруканасына аталган бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу пландалып жатканы кабарланган.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени 24-майда министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук ооруканасына барган учурда айткан.

Количество просмотров: 227