Саламаттыкт сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу ал «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.
«Менден ката кетсе таластыктардан кечирим сурайм. Ашыкча айтып алдым, себеби менин жанымда да таластыктар иштейт. Эгерде мен кимдир бирөөгө шек келтирип сүйлөп алсам дагы бир жолу кечирим сурайм», — деди министр.