• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Министр Бекмурзаев эскертүү алды

1 Теке 202213:44 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетика министри Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Акылбек Жапаров Бекмурзаевди иш бөлмөсүнө чакырып, аны менен түшүндүрүү ишин жүргүзгөн. Жыйынтыгында министр Доскул Бекмурзаевге оозеки эскертүү берилген.

Эске салсак, 29-июнь күнү Жогорку Кеңеште энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин ишине сын доомат көп айтылган эле.

Количество просмотров: 133