• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Министр Бекмурзаев Токтогулдан суу сатылбаганын билдирди

10 Бештин айы 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев ЭлТР телеканалына берген комментарийинде Токтогул суу сактагычынан кошумча суу Казакстанга сатылбаганын билдирди.

«Бир тамчы суу дагы сатылган жок. Казакстан менен Кыргызстан, Өзбекстандын ортосунда жазында Улукбек Марипов (мурдагы өкмөт башчы -ред.) менен мурдагы министр товар алмашуу боюнча келишимге кол коюп келген. Муну саясатташтырбаш керек. Бизге керек учурунда кошуналар электр энергияны бекер берди. Биз жайында ошонун үчтөн бир бөлүгүн кайтарып беребиз. 2022-жылы дагы ошондой болот. Эгер абал ушул боюнча кете берсе, 2023-жылы дагы ошондой болот. Ошондуктан муну жөн эле «хайп» кыла бергендин кереги жок. Суу сатылбайт», — деди министр.

Коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда ачыкка чыккан. Бул маалымат Кыргызстанда талаш-талкуу жаратты. Энергетика министрлиги Казакстанга жай саратан, кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылат.

Маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешов парламент жыйынында президенттин өкүлүнө кайрылып, «дыйкандарга суу жетпей жатканда, Казакстанга 330 куб суунун агызылганы» боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Суу сактагычтагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Количество просмотров: 302